Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды. Маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады.

 

Билдирүүдө ал Кылмыш жаза кодексинин 169-беренесинин 2 жана 3-пункттары боюнча айыпталып жатканы айтылат.

 

Матраимовдун кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот — 0312 26-62-61, 0550 25-25-89, 0700 35-55-87.