Кыргызстанда рейддин жүрүшүндө 300дөй мотоцикл айып короого токтотулду

11-22-сентябрь аралыгында өлкө аймагында рейд өткөрүлүп, 272 мотоцикл айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Рейддик иш-чара мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Анын натыйжасында жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед жана мотоцикл аныкталган. Алардын ичинен:

 

  • 243 мото айдоочу тийиштүү докумменттери жок болгон;
  • 521 мото айдоочу мотошлемдерди пайдалануу эрежелерин бузушкан;
  • 2 мото айдоочу мас абалында айдап жүргөндүгү аныкталган;
  • 985 мото айдоочу жолдун туура эмес жерлеринен айдашкан;
  • 166 мото айдоочу жана башка жол эрежелерин бузушкан.

Ошондой эле тийиштүү докумменттери жок 272 мототранспорт каражаты убактылуу токтоуучу айып короо жайына токтотулган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.