Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча ыкчам штаб түзүлдү

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

 

Маалыматка ылайык, ЖЭБде авария бүгүн таңкы саат 3төр чамасында болгон. Анын кесепетинен үч кызматкер жаракат алып, ооруканага түшкөнү расмий кабарланды.

 

Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо үчүн ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү, — деп айтылат маалыматта.

 

Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.