Россиянын абактарында жаткан 459 кыргызстандык Кыргызстанга которулуудан баш тартты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл 1-кварталда 19 жаран экстрадицияланды. Дагы 38ин алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат, — деди чиновник.
Расмий маалыматка ылайык, ушу тапта Россиядагы жабык жайларда 1 миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат.