Турак жай кооперативдеринин ишин эми үч мекеме көзөмөлдөйт

Министрлер кабинети “Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.

 

Ага ылайык, кооперативдердин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Улуттук банк аныкталды.

 

Токтом турак жай кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу үчүн принципиалдуу жаңы мамилелерди колдонуу зарылчылыгын чечүү максатында иштелип чыкты.

 

Белгиленгендей, буга чейин турак жай кооперативдерине салынган салымдардын натыйжасында топтолгон каражаттарын жоготкон жарандардын саны өсүп, укук коргоо органдарына кайрылуулар көбөйүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.