Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош жолунун кооптуу делген тилкелеринде жолчулардын нөөмөтү уюштурулду. Трасса кардан тазаланып, инерттүү материал себилип жатат.
Долон, Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында дагы жол тынбай тазаланып, кыймыл татаалданган жок, — дешти ведомстводон.