Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Ички иштер министрлигинин 4 миң 490 кызматкери тартылат. Алар өлкөдө коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн иштешет.
Эске салсак, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.
Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 121 миң 44 адамды түзөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.