Бишкек-Нарын-Торугарт жолу бүгүн да убактылуу жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу бүгүн да убактылуу жабылат.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чектөө кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турганы менен байланыштуу.

Маалыматка ылайык, каттам эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жабык болот.

Мындан улам, айдоочуларга жолго чыкпай туруу сунушталат.

Ошондой эле, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери бүгүн дагы уланат.

Өткөн аптада жааган калың кардан өлкөдөгү айрым жолдор, ашуулар жабылган.

Учурда жер-жерлерде тазалоо иштери жүрүүдө.