Бишкек – Ош унаа жолундагы «Сосновка» постунда жүк ташуучу унааларга кечээ киргизилген чектөө алынды.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Тоолуу аймактар аркылуу жолго чыгууну пландаган айдоочулар жол эрежесин так сактап, каршы тилкеге чыкпай, атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпашы керек, — деп айтылат маалыматта.