Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылында келерки жылы жол салуу иштери башталат. Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда жеринде билдиргендей, электр энергиясы менен камсыз кылуу жумуштары да жүргүзүлөт.
Белгилеп кетсек, Баткендеги шарты катаал Зардалы айылына машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот.
Жергиликтүү эл айылга негизинен тоонун жээгин бойлоп, кооптуу жол менен жөө каттайт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.