Кыргызстанда унаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстанда унаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Завод куруу боюнча макулдашууга 2023-жылдын 27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде кол коюлган.

 

Ал эми Жогорку Кеңеш 16-март күнү мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.

 

Долбоор 3 этап менен ишке ашырылат. Алардын алкагында 1 миң жаңы жумуш орду түзүлүп, жылына 30 унаа өндүрүү пландалууда.