Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго айып пул салына баштады

Ысык-Көл облусунун аймагындагы дүкөн, кафе-ресторан, тойканаларда желим баштык колдонулганы аныкталса айып салынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкери Бейшенбек Самбаев билдирди.

 

Анын айтымында, желим баштык колдонулганы тууралуу маалымат видео, сүрөт менен аныкталса, алгач протокол түзүлүп эскертүү берилет, ага баш ийбесе, айып пул салынат.

 

Эске салсак, Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында желим баштыктарды колдонууга тыюу мыйзамы  2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.