Сокулуктагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл аяктайт

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган.

 

Учурда имараттын ички жумуштары жүргүзүлүүдө. Мектеп быйыл жыл аягына чейин каалгасын ачат деп пландалып жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.