Аксы районунунда мектептин жаңы имараты курулууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Кашка-Суу айылындагы билим берүү мекемесинин эскилиги жетип кооптуулук жаралып келген.
Жаңы имарат курууга республикалык бюджеттен 32 миллион сом каралып, учурда 150 орундуу курулуш жүрүүдө.
Объектти күзгө чейин бүткөрүү пландалып жатат.