Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ипподрому боюнча долбоордук-сметалык документацияны даярдоого тендер жарыялады

Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ипподрому боюнча долбоордук-сметалык документацияны даярдоого тендер жарыялады. Бул максатта 30 миллион сомдон ашык багыттоо пландалууда.

 

Жаңы ат майданы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында курулат. Объект 30 миң орунга эсептелет. Анда административдик имарат, мейманкана, ашкана жана медициналык пункт дагы каралат.