Кыргызстанда бир айда күйүүчү-майлоочу материалдын бардык түрү бир аз арзандады

Кыргызстанда бир айда күйүүчү-майлоочу материалдын бардык түрү бир аз арзандады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эгер өтүп кеткен жылдын 31-декабрында АИ-95 үлгүсүндөгү бензин өлкөдө орточо эсеп менен 71 сом 36 тыйындан болсо, январдын аягында литри 2 сомго арзан сатылууда.

 

Учурда аталган отундун бир литри 61 сом 80 тыйын турат.

 

Дизелдик отундун наркы дагы төмөндөдү. Эгер декабрдын аягында солярка 71 сом 50 тыйындан болсо, бир айдан кийин анын баасы 70 сом 80 тыйынга теңелген.