Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ичүүчү суу 6-июнда саат 09:00дөн 22:00гө ЧЧК — Аул көчөсү — Элебесов көчөсү — Каражыгач токою менен чектешкен аймакта, анын ичинде Керамика, Чалбай, Кайынды, Суворов конуштарында токтотулат.

 

Мунун себеби Арал тилкесиндеги (Каражыгач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

 

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.