Түп – Кеген унаа жолунун курулушу 80 пайызга аяктады

Түп – Кеген унаа жолунун курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 107 даана жол алдындагы суу өткөрүүчү түтүк орнотулуп, 10 көпүрөнүн курулушу аяктады.

 

Белгилеп кетсек, Түп – Кеген жолунун жалпы узундугу 52 чакырымды түзөт. Аталган трассанын курулушу 2022-жылы башталган. Курулуш иштерин кийинки жылдын июль айына чейин аяктоо пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.