Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, аба-ырайы кескин өзгөрүлүп, бороон болуп, көрүү начарлагандыктан, аварияларды алдын алуу максатында чоң унаалар өткөрүлбөйт.
Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткандарга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.