Баткендин эң алыскы айылы Зардалыга барчу жол кийинки жылы курулат

Баткендин эң алыскы айылы Зардалыга барчу жол кийинки жылы курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, учурда долбоор даярдалып жатат. Ал кийинки жылдын бюджетине киргизилип, курулуш иштери жазда башталат.

 

Жол асканын бооруна салынгандыктан, бир тилкелүү болот. Алдыдан транспорт чыгып калса, аны өткөрүү үчүн атайын “чөнтөктөр” курулат, — деди Жапаров.