Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда пенсия көбөйтүлдү

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда пенсия көбөйтүлдү. Социалдык фонддун маалыматына караганда, пенсиянын минималдуу өлчөмү эми 6 миң 900 сомду түзөт.

 

Эске салсак, быйыл өсүш эки этап менен болду. Алгач пенсиянын базалык бөлүгү теңдештирилди. Ага ылайык, 1-июлдан тарта бардык пенсионерлер 3 миң 170 сомдон ашык ала баштады.

 

Экинчи этап, 1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө тиешелүү болуп, ал 18%га жогорулады. Минималдуу жогорулоо 1 миң сомду түздү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.