Кыргызстанда физикалык жактар үчүн ОСАГО киргизүүнү 2024-жылдын   1-январына чейин жылдыруу сунушталды

Кыргызстанда физикалык жактар үчүн ОСАГО киргизүүнү 2024-жылдын   1-январына чейин жылдыруу сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтында жарыяланды.

 

Эске салсак, бардык категориядагы унаалар үчүн милдеттүү камсыздандыруу талабы ушул жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирмек.

 

Бирок коомчулуктун нааразычылыгынан улам, аны киргизүү белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Президенттин пикиринде, мыйзамды кайра иштеп чыгуу зарыл. Ошондой эле ал ОСАГО полиси жеке компаниялар тарабынан эмес, мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан берилиши керектигин белгиледи.