Кыргызстанда санарип кодекси иштелип чыкты. Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов билдиргендей, бул жумада документ ведомствонун сайтында жарыяланат.
Кодекстин башкы максаты – бардык санариптик нормаларды бирдиктүү укуктук талаага бириктирүү. Кыргызстан дүйнөдө мындай документ иштеп чыккан биринчи өлкө болуп калды.
Эми алдыда документти иш жүзүндө колдонуу, жарандарды санариптик сабаттуулукка үйрөтүү боюнча чоң иш-чараларды аткаруу керек, — деди Иманов.