«Социалдык келишим» түзгөн айрым үй-бүлөлөр 40 миң сомго чейин киреше табууда

Кыргызстанда «Социалдык келишим» түзгөн айрым үй-бүлөлөр айына 20 миңден 40 миң сомго чейин киреше таап жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди.

 

Анын айтымында «Социалдык келишим» долбоору аркылуу аз камсыз үй-бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сом, ошондой эле насыя түрүндө 200 миң сомдон берилип жатат. Алар бул каражатка өз алдынча иш баштап, жакырчылыктан чыгууга аракет кылышы керек.

 

Белгиленгендей, кредиттин үстөгүн мамлекет төлөйт, жарандар үч жыл аралыгында 200 миң сомду эле кайтарат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.