Кыргызстан калкынын улуттук курамы соңку жети жылдан бери туруктуу. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Быйылкы жылдын башына карата өлкө калкынын 74 пайызын кыргыздар, дээрлик 15 пайызын өзбектер, 5 пайызын орустар, бир проценттен бир аз ашыгын дунгандар түздү. Уйгур, тажик, корей, казак жана башка улуттар үч пайызга жетпеген көрсөткүчтө.
Акыркы төрт жылда кыргыз улутундагылардын саны жарым пайызга өстү, — деп белгиледи Статком.