Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Үгүт жүргүзүүдө эмнелерге тыюу салынат?

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата үгүт жүргүзүү шаардык кеңештер үчүн 18-октябрдан, айылдык кеңештерде 28-октябрдан тарта башталат. Агитация учурунда эмнелерге тыюу салынарын Novosti.kgге БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев айтып берди:

 

“Спорт оюндарын уюштуруп, ошол жерде кандайдыр бир партияга же талапкерге үгүт жүргүзүүгө болбойт. Концерт уюштурууга, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер, айрыкча жетекчилерди да үгүт иштерин аралашпоого чакырып кетебиз.”

 

Үгүт компаниясы 16-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулушу керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.