Бардык иш берүүчүлөр жумушчуларын ден-соолугуна зыян келтирүүдөн камсыздоого милдеттендирилет

Бардык иш берүүчүлөр жумушчуларын ден-соолугуна зыян келтирүүдөн камсыздоого милдеттендирилет. Жогорку Кеңеште тиешелүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

 

Полис жок болсо компания жетекчилигине 3 миң сом, ал эми компаниянын өзүнө 13 миң сом айып салынат.

 

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Мурзатаеванын айтымында,  камсыздандыруу боюнча тарифтер ар бир компанияга эмгек акы фондуна жана коэфиценттерине жараша өзүнчө эсептелет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.