Эми Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке туруктуу учууга болот. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстанга түз каттамдарды аткарууга уруксатты Кыргызстандык авиакомпания алды. Учактар Ош — Ташкент — Ош жана Бишкек — Ташкент — Бишкек багыттары боюнча учат.