Беш жылдан кем эмес эмгек стажы топтолбогон кыргызстандыктар пенсиясыз калышат

Беш жылдан кем эмес эмгек стажы топтолбогон кыргызстандыктар пенсиясыз калышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

 

Анын айтымында, 1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмү көбөйтүлдү, эми ал 6 миң 900 сомдон төмөн болбошу керек.

 

Минималдуу стаж беш жылга чейин кыскартылды. Эгерде адамдын эмгек стажы жетишсиз болсо, ага карылыгы боюнча 2 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет, деди Алиев.

 

Соцфонддун жетекчиси пенсиялар пенсия курагына жеткенде гана дайындаларын эске салды — эркектер 63 жаш, аялдарга 58 жаштан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.