Чоң-Алайда аз камсыз 700 үй-бүлөгө жардам берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районунда аз камсыз 700 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчалары таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасына араб фонду демөөрчүлүк кылган.