“Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын баш байгесин Ош мамлекеттик университетинин “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын шарты боюнча 1-орунду алган мугалимге Бишкектен батирдин ачкычы тапшырылат. Сынакка жалпысынан 128 мугалим катышты.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.