Кара-Сууда 225 орундуу мектептин курулушу аяктады

Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, жумуштар республикалык бюджеттин эсебинен өткөн жылы башталган.

 

Эки кабаттуу мектепте спорт залы, өтмөк галереясы, көмүр кампасы жана от жакан жайы бар.