Абакта отурган айрым жарандарды жылына бир жолу үйүнө жиберүү сунушталууда

Кыргызстанда абакта отурган айрым жарандарды жылына бир жолу үйүнө жиберүү сунушталууда. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү Жаза аткаруу кызматы демилгеледи.

 

Белгиленгендей, бул жеңилдиктен жашы жете элек балдары бар, жалгыз бой ата-энелер гана пайдалана алышат. Аларды бир жумага үйүнө жиберүүнү түзөтүү мекемелериндеги комиссия аныктайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.