Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды.
Кыргызстандык балбан 62 килограмм салмак категориясында килемге чыгып, катары менен Франция, АКШ жана Украинадан келген 3 атаандашын багындырды.
Ал эми финалда кытайлык атаандашын 3:2 эсеби менен утуп алды. Буга чейин турнирде күмүш медалды Акылбек Талантбеков ээлесе, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова коло медалдардын ээлери болушту.