Ак-Кула ипподрому кайрадан аукционго коюлду

Ак-Кула ипподромунун мүлк комплекси кайрадан аукционго коюлду. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн. Муниципалитеттин карамагына мүлк комплексинин аймагында мектептер, бала бакчалар, инженердик курулуштар, жолдор жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.

 

Эске салсак, биринчи аукцион 2024-жылдын 16-майында саат 10:00дө өтүшү керек болчу, бирок арыздын жоктугуна байланыштуу бул аукцион болгон эмес.