Таласка 26,5 миң түп гүл отургузулат

Талас шаарына быйыл 26 миң 500 түп гүл отургузулат.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа аймагына Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасынын күнөсканасына эгилген 10 түр гүл отургузулат. Алардын 6 миң 500 даанасы бархат, 4 миң даанасы ампель петуниясы, калганы петуния гүлүнүн башка түрлөрү болот.

 

Гүлдөр аба ырайы турукташкан мезгилден тарта тигилет.