АКШ өкмөтү кыргызстандыктарга туристтик жана иш визаларынын мөөнөтүн эки эсе көбөйттү

АКШ өкмөтү кыргызстандыктарга туристтик жана иш визаларынын мөөнөтүн эки эсе көбөйттү. Бүгүнтөн тарта мекендештер аталган өлкөгө визаны эми 5 жылга эмес, 10 жылга алса боло турганын АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

 

Андан тышкары, В1, В2 визаларын алуу үчүн арыз берүүдө алынган  20 доллар өлчөмүндөгү төлөм жокко чыгарылды.

 

Элчи Лесли Вигери билдиргендей, мындай өзгөртүүлөр кыргыз жарандары үчүн кызматтарды жакшыртууга жана эки өлкө ортосундагы саякатты, байланышты жөнөкөйлөтүүгө багытталат.