Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк топографиялык топтордун жолугушуусу болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топтору жолугушту.

25-февралдан 3-мартка чейин Кыргызстандын аймагында болгон жолугушууда тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелери боюнча сунуштарын беришти. Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, тараптардын жолугушуусу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн соңку жолугушуусунда Кыргызстан менен Тажикстан дагы 1,11 чакырым чек ара сызыгы боюнча макулдашуу тапканы кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстан былтыртан бери чек араны тактоо иштерин активдештирди.

Буга чейин эки тараптын расмий өкүлдөрү чек аранын 90 пайызы макулдашылганын билдиришкен.

5-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандагы сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен жолуккан учурда акыркы төрт айда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 196 чакырымы боюнча макулдашуу табылганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт.