Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун орун басары Бо Ли менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

Жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, андан тышкары энергетика тармакта жана климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

 

Акылбек Жапаров климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу министрлер кабинети эки багытта иш алып барып жаткандыгын билдирди.

“Биринчиден, өзгөчө айыл чарбасында, климаттын өзгөрүшүнөн улам кыйратуучу кесепеттерди болтурбоо үчүн зарыл инфраструктураны куруу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү. Экинчиден, экономиканын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, макрофинансылык системаны жана фискалдык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен финансылык туруктуулукту сактоо аркылуу жашыл экономиканын элементтерине акырындык менен өтүү”, – деди ал.

 

Өз кезегинде Бо Ли Кыргызстанда акыркы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү региондогу эң алдыңкылардын катарына киргенин белгиледи. Ал глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктары боюнча өзүнүн пикири менен бөлүшүп, Эл аралык валюта фонду жүргүзгөн программалардын алкагында кызматташууга дайым даяр экендигин билдирди.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык бүгүнкү талкууланган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү  активдүү улантууну макулдашты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.