Кара-Кечеде көмүрдү байытуучу завод курулат

Кара-Кечеде көмүрдү байытуучу завод курулат. Тиешелүү келишимге Кыргызстан менен Кытай кол койду. Ага ылайык, тараптар заводдун курулушун биргелешип жүргүзөт жана узак мөөнөттүү долбоорлорду чогуу ишке ашырат.

 

Эске салсак, 25-октябрдагы Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапарынын алкагында 12 документке кол коюлган. Анын арасында Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү, шамал жана күн энергиясын өндүргөн ишканаларды чогуу куруу жана логистикалык көмүр борборун түзүү боюнча макулдашуулар бар.