Сот департаменти 99,3 млн сомго кызматтык унааларды сатып алат

Жогорку сотко караштуу Сот департаменти жеңил унааларды сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, унаалар сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү үчүн сатылып алынат.

 

Тендердин суммасы 99 млн 303 миң 750 сомду түзөт. Бул суммага бензин менен жүрүүчү 43 унаа жана 7 электромобиль сатып алынат.

 

Конкурстук табыштамаларды 13-октябрга чейин берүү зарыл.