«Ала-Тоо» аянты реконструкцияланат

«Ала-Тоо» аянты реконструкцияланат. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда оңдоп-түзөөнүн эскиздик долбоору аяктоо стадиясында турат.

 

Башкы аянтты реконструкциялоого байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде «Ала-Тоо» аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.