Президент иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышат, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышат.