“Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыгы 28-апрелге чейин белгилүү болот

“Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыгы 28-апрелге чейин белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Тестти ийгиликтүү тапшырган окуучулар мамлекеттик экзамендерден бошотулат. Ошондой эле аларда жогорку окуу жайлардагы гранттык орундарга өтүүдө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Эске салсак, “Алтын тамга” тестирлөөсү бүгүн өтөт. Ага 2 миңден ашык окуучу катышат.