Мектеп окуучуларында үчүнчү чейректин соңку жумасы башталды. 20-марттан тарта балдар жазгы каникулга тарайт. Эс алуу 26-мартка чейин созулат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, төртүнчү чейректин сабактары 27-мартта башталат.
Белгилеп кетсек, адатта жазгы каникулдар 12 күнгө созулат. Бирок декабрдагы катуу сууктун айынан кышкы эс алуу узартылган болчу.