Алтынбек Кылычбаев Сузак округу боюнча ЖК депутаты болуп катталды

Алтынбек Кылычбаев №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

 

Аталган шайлоо округу боюнча парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда өткөн.

 

Ал эми 26-сентябда БШКнын №150 токтому менен Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы аныкталды. Ага ылайык, 30-сентябрда Алтынбек Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги бтапшырылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.