Кыргыз-кытай өкмөттөрү 12 документке кол коюшту

Кыргыз-кытай өкмөттөрү 12 документке кол коюшту. Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү кеңейтилген курамдагы сүйлөшүү жүргүздү.

 

Кол коюлган документтердин арасында 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу, санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташуу, Бишкек жол тармагын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу, көмүр кенин биргелешип иштетүү жана башка бир катар макулдашуулар бар.