Америкалык миллиардер жана ишкер Илон Масктын байлыгы жыл сайын 110 пайызга өсөт

Америкалык миллиардер жана ишкер Илон Масктын байлыгы жыл сайын 110 пайызга өсөт. Эгер өсүү темпи ушул бойдон сакталса, анда Маск 2027-жылы триллионер болот.

 

Bloomberg статистикасына ылайык, SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү дүйнөнүн эң бай адамдарынын рейтингинин сап башында турат.

 

Учурда анын байлыгы 251 миллиард долларды түзөт. Келечектеги триллионерлер катарына ошондой эле Гаутам Адани, Дженсен Хуанг жана Бернар Арно кирет.