Венгрия инвесторлор үчүн “алтын виза” берүүнү жандантты

Венгрия инвесторлор үчүн “алтын виза” берүүнү жандантты. Мындай визаны алуу үчүн чет элдик ишкерлер эң аз дегенде 250 миң евро салым жасашы керек. Бул сумманы жергиликтүү кыймылсыз мүлк фонддоруна салган жарандарга Венгрияда   10 жыл жашоого уруксат берилет.

 

Белгилеп кетсек, бул программа 2017-жылы токтотулуп калган болчу.