Кытайдын Чанша шаарынын тургуну колунан телефон түшүрбөй бир нече күн жүргөндүктөн, манжалары ийилбей калды

Кытайдын Чанша шаарынын тургуну колунан телефон түшүрбөй бир нече күн жүргөндүктөн, манжалары ийилбей калды. Жыйынтыгында ал дарыгерге кайрылууга аргасыз болгон.

 

Аялга теносиновит  диагнозу коюлду. Дарылануудан кийин манжалардын кыймылдуу функциясы калыбына келди. Бирок бул дарт кайтып келбеши үчүн дарыгер бейтапка анда-санда болсо дагы, телефонду коюп, колун эс алдырууну сунуштады.